кредит I
м. бухг.
кредит (бир нерсени карызга берүүчү адамдардын же мекемелердин счёту; дебеттин карама-каршысы; айрым адамдарга же мекемелерге тиешелүү акча жазылып туруучу счёт).
кредит II
м.
1. фин. кредит, карыз, насыя (карызга берилген же берилүүчү акча; насыяга берилген же берилүүчү товар);
отпустить товар в кредит товарды кредитке берүү (насыя берүү);
2. фин. кредит (белгилүү бир расходго ассигнование кылынган акча);
3. перен. (доверие, авторитет) бедел.
Насыя - кредит (лат.), карыздык каражат, убактылуу иштетип алууга карыз берилген каражат, товар. Насыя негизинен айлык, жылдык пайыз боюнча туундусу менен берилет. Насыя берген жак насыя берүүчү, насыя алган жак заемчу деп аталат. Насыянын түрлөрү: банктык насыя банктардан берилген насыя; кепилденген насыя – эки ишкана бири-бирине банктын же башка ишкананын кепилдиги менен берилген насыя)